Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттары ишин баштады

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы ишин баштады. Алгачкы отурумду жаңы депутаттардын эн улуусу Гүлай Машрапова ачты.Ант берүү салтанатына өлкө президенти Садыр Жапаров катышууда.

Жалпысынан 87 депутат ишке киришип жатат. №13 округдагы шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам дагы үчөө кийинчерээк шайланат.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышында беш депутаттык топ болорун жергиликтүү басылмалар парламенттеги маалымат булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, депуттардын баары фракцияларга бөлүндү.

“Элдик” фракциясын- Акылбек Түмөнбаев

«Ата Журтту» — Нурбек Азыгалиев

«Ала-Тоону» — Жанар Акаев

«Адилетти» — Нурбек Сыдыгалиев

«Мекенчилди» — Кундузбек Сулайманов жетектей турганы айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *