Ташиев УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексин ачты

Бүгүн, 23-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексинин ачылышы болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Осмонов, ошондой эле комитеттин кызматкерлери жана ардагерлери катышты.Маалыматка ылайык, комплекстин жалпы аянты 19 гектарды түзүп, кызматкерлердин эс алуусу үчүн 15 заманбап үй жана 600 метрлик асма жол курулган.Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев 2026-жылга карата иш пландарга токтолуп, ак ниет ишкерлерге карата негизсиз текшерүүлөр токтотуларын, ал эми мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш негизги багыт болорун айтты.Ачылыштын соңунда башкы чекист комплекс менен таанышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *