Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Улан Примов алыскы, шарты катаал жана тоолуу аймактарда жашаган жарандарга жөлөк пул берүү тартибин кескин сынга алды.
«Алыскы тоолуу аймактардын жашоочуларына жөлөк пул берүү тартибин кайра карап чыкпасаңыздар болбойт. 4 кой,1 уйу бар деп пособие берилбей жатат, бул туура эмес, мындан сырткары, автоунаасы бар деп, 20 жылдан берки убакытты эсептейт экен, ал унаа техникалык абалы кандай, киреше табабы, таппайбы эске алынабы? Жалпы жөлөк пул берүү тартиби боюнча кандай иш алып барасыздар?»- деди эл өкүлү.
