Дыйкандарга 11 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жыл башынан бери жеңилдетилген насыялар 5 мамлекеттик программанын алкагында берилип келет. Бул максатта жалпысынан 12 миллиард 242 миллион сом каралган.
