Кийинки жылы ички аба каттамдарына билет баалары арзандайт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылга карата өлкө ичиндеги аба каттамдарга баалар базар баасынан төмөнкү чекте белгиленди.Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, баалардагы айырма Турукташтыруу фондунун каражаттары менен жабылып турат.

«Мурдагыдай аймактарга каттамдын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетпейт.
Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана кубаттоосунун аркасында өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын багыттары боюнча туруктуу, социалдык багыттагы тарифтер менен ички аба каттамдардын тармагы кеңейүүдө.
Бүгүн президенттин чечими менен мамлекет бул жааттагы туруктуулукту камсыздап, чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды»,
— деди ал.

Мындан тышкары, Нарын, Талас, Казарманга аба каттамдары мурда жумасына 1 жолу аткарылып келген.

4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына 2 жолудан каттам аткарылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *