Кыргызстанда 2026-жылы 36 жаңы мектептин курулушу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Жаңы мектептер кайсы аймактарда курулат?
Бишкек шаарында — 20 мектеп
Ош шаарында — 10 мектеп
Манас шаарында — 6 мектеп
Ошондой эле авариялык абалдагы мектептер оңдолуп, пайдаланууга берилери айтылды.
Адылбек Касымалиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча мектеп окуучуларынын саны 1 миллион 534 миңди түзөт.
Ички миграциянын күчөшүнө байланыштуу көптөгөн үй-бүлөлөр борбор калаага көчүп келүүдө.
Бишкекте бир сезондо 15 мектеп курулганына карабастан, мектептердин саны дагы эле жетишсиз экендиги белгиленди.
Минкаб төрагасы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Окуу китептери эми «Учкун» басмаканасында өз алдынча басылып чыгууда.
Президенттин тапшырмасы менен келечекте ар бир окуучуну ноутбук менен камсыз кылуу максаты коюлган. Билим берүү тармагындагы бул кадамдар мектеп инфраструктурасын жакшыртууга жана билимдин сапатын жогорулатууга багытталган.
