Кыргызстанда алгачкы күн электр станциясы ишке берилди

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин шаарында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясын ишке берүү аземине катышты.

“Этернал Энергия” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун инвестициясы 56 миллион АКШ долларын түзөт.

Долбоор эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күн энергетикасына салынган эң ири жеке инвестициялардын бири.

Күн электр станциясынын ачылышы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо маанилүү этаптын башаты болуп саналарын белгиледи.

“Биз энергиянын кошумча булактарын өнүктүрүүнү колго алмайынча, айрыкча, калкты жана экономика субьектилерин толук кандуу электр кубаты менен камсыздоо мүмкүн эместигин түшүндүк. Буга байланыштуу, алгач электр тармактарын модернизациялоого, ошондой эле энергияны топтоо системаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда” , — деди Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *