Сасык тумоодон улам бир нече мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү

Сасык тумоодон улам 65тей бала бакча убактылуу жабылып, 5 мектеп аралыктан окууга өттү. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Саламатык сактоо министрлиги Бишкекте 25ке жакын, Чүйдө 40тай бала бакча карантинге жабылганын билдирди. Ошондой эле Ош облусундагы беш мектеп аралыктан окумай болду. Өткөн жумада КРВИ жана сасык тумоонун 37 миңден ашык учуру катталган, бул мурунку жумадан…

Кененирээк

Өкмөт башчы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

Өкмөт башчы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата жарандарга кайрылуу жасады. Ал бул күнү өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын укуктарын жана коомдук турмушка толук катышуусун камсыз кылуу иши белгиленерин айтты. Анын айтымында, өлкөдө 221 миңден…

Кененирээк

Ош облусунун губернатору болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды

Аманкан Кенжебаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Кенжебаев Жогорку Кеңештин депутаты жетинчи чакырылышынын депутаты, буга чейин Сокулук районунун акими болуп иштеген. Ал кезексиз парламенттик шайлоого N19 округдан талапкер катары катышкан. Буга чейин Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген. Ал Мамлекеттик…

Кененирээк

Конституциялык сот өлүм жазасын киргизүү сунушун карайт

Конституциялык сот өлүм жазасын киргизүү сунушун карайт. Мекеме Конституцияга өзгөртүү боюнча президенттин сунуштамасы келип түшкөнүн билдирди. Октябрда окуучу кыз зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин Садыр Жапаров өлүм жазасын  кайтарууну сунуштаган. Мыйзам долбоору 13-октябрда коомдук талкууга чыгарылып, ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн.

Кененирээк

Ош шаарынын мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулат

Ош шаарынын мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулат. Бул туралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Ош шаарынын мэриясы жана Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратты оңдоп-түзөө иштери улантылууда. Учурда имараттын чатырын жабуу иштери кызуу жүрүүдө. Имараттын чатырына күн панелдери менен орнотулуп, энергияны үнөмдөө жана имараттын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Путин менен Уиткофф Украина боюнча компромисске келе алышпады

 «Эч кандай компромисс табылган жок.» Путин менен Уиткоффтун сүйлөшүүлөрү Украина боюнча жыйынтыксыз аяктады.  Кремлдеги 5 сааттык сүйлөшүүлөр эч кандай келишимге алып келген жок. Президенттик жардамчы Юрий Ушаковдун айтымында, АКШ өз сунуштарын берген, бирок «компромисс табылган жок».  Негизги талкуу — аймактык маселелер. Ушаковдун айтуусунда, бул маселелер чечилмейинче кризиске токтолуу мүмкүн эмес. «Айрым америкалык сунуштар кабыл алууга…

Кененирээк

Бишкек шаарынын башкы планын талкуулоо уланууда

Бишкек мэри башкы планды талкуулоодо бөлүп-жаруу болбой турганын убадалады. Борбор шаарды 2050-жылга чейин өнүктүрүүнү караган жаңы башкы план боюнча адистердин талкуусу уланууда.Айбек Жунушалиевдин айтымында, мэрияга 200дөн ашуун сунуш келген. Соцтармактардагы пикирлерди эске алганда, бул көрсөткүч миңге чукулдайт. Бардык материалдар шаардык администрациянын сайтында жарыяланган.Документ боюнча коомдук угуу 24-25-декабрга белгиленди. Долбоор Санкт-Петербургдагы институт менен бирге иштелип чыккан.

Кененирээк

Орусия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди

Орусия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Тиешелүү буйрукка Орусиянын президенти Владимир Путин 1-декабрда кол койду. Бул документ келерки жылдын 14-сентябрына чейин иштейт. Ага ылайык, турист катары же маданий, илимий, саясий, экономикалык, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген кытай жарандары Орусияда 30 күн визасыз жүрө алат. Орусия аркылуу башка өлкөлөргө өткөн кытайлыктарга да визанын кереги жок.

Кененирээк

Ошто интернетке тараган видео боюнча милиция териштирүү баштады

Ош милициясы интернетке тараган видео боюнча териштирүү баштады. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуу белгилери боюнча социалдык тармактарга видео тараган. Анда айтылгандай, №5249 шайлоо участкасында добуш сатып алуу аракеттери болгон. Бул факты Ош облустук милициясында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуянын чоо-жайын тактоо жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Бишкектеги бала бакчалар массалык түрдө жабылбайт

Мэрия сасык тумоо күчөп жатканына байланыштуу, борбордогу бала бакчаларды жабууда эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алынарын билдирди. Канча бала бакча жабылганы тууралуу так айтуу мүмкүн эмес. “Анткени, бала бакча эмес андагы тайпа эле жабылышы мүмкүн. Эпидемиологиялык абалга карап чечим кабыл алынып турат”, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк