Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылат

Жыйынтыктар үч күндүн ичинде кайра каралышы ыктымал.БШК АСУ алдын ала гана жыйынтык берерин эскертип, кол менен эсептеген санак акыркы болорун билдирди. Буга чейин бир катар талапкерлер шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Ошол эле учурда эл аралык байкоочулар олуттуу укук бузуулар катталбаганын билдиришүүдө.

Кененирээк

Өлкөдө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Кыргызстандын жаңы мамлекеттик катчысы болуп Арслан Койчиев дайындалды. Ага чейинки Марат Иманкулов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Рустам Мамасадыков Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук…

Кененирээк

Садыр Жапаров: Кийинки шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатабыз

Эмки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн «Ынтымак Ордодо» Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолукканда билдирди. «Ошондой эле «карусель» деген да сөз бар эле. Адамдарды бир участоктон бирине ташып, добуш…

Кененирээк

Баткенге неонаталдык беш аппарат берилди

КР Саламаттык сактоо министрлиги Баткен областында неонаталдык жардамды күчөтүү максатында беш жасалма дем алдыруу аппаратын алды. 2025-жылдын 1-декабрында КР Саламаттык сактоо министрлигинде БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан «Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында сатып алынган SV300 (Mindray, Neo функциясы менен) үлгүсүндөгү беш жасалма дем алдыруу аппаратынын (ИВЛ) расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Жабдуунун жалпы…

Кененирээк

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ош шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана мекеменин жамааты катышты. Мэрдин тапшырмасы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен борбордун имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Кароосуз, авариялык абалга кептелген имарат толугу менен жаңыланып, чатыры жабылып, бөлмөлөрдүн полдору жаңыланып, сырдалды. Ашканасына жаңы электр печкалары, аба алмаштыруучу системалары…

Кененирээк

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери жабылды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча чет өлкөлөрдө добуш берүү аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 1-декабрда билдирди. 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу иштеди. Сааттык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктардан улам добуш берүү ар кандай убакытта аяктады. Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00гө карата бардык шайлоо тилкелери жабылды. Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк…

Кененирээк

Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого 1,58 млн шайлоочу катышты

Соңку маалымат боюнча шайлоочулардын 36,9%ы добуш берген.Жалпысынан 4,3 миллион кыргызстандыктын шайлоо укугу бар болчу. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады. Бардык шайлоо тилкелери ишин жыйынтыктады. Автоматташтырылган урналар аркылуу алынган маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына түшө баштады.БШК билдиргендей, саат 19:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 34,31 пайызды түздү, тагыраагы, 1 млн 473 миң 264…

Кененирээк

Кыргызстанда жүк ташууда навигациялык пломба системасы сыноодон өткөрүлөт

2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин Кыргызстан Кыргыз Республикасы, Казакстан жана Россиянын ортосундагы автомобиль транспорту үчүн навигациялык пломба системасын сыноодон өткөрөт. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан демилгеленген долбоор ыктыярдуу жана жүк ташуучулар үчүн акысыз. «Ак-Тилек автодорожный» жана «Кара-Суу» өткөрүү пункттарында эки тарапка жүк ташуу үчүн пломбалар орнотулат. Аларды Бишкек, Алматы шаарларында, же казак-орус чек арасында, маршрутка жараша…

Кененирээк

Адылбек Касымалиев: Шайлоо тынч өттү

«Парламенттик шайлоо тынч, тартиптүү жана жогорку деңгээлде өттү», -деп билдирди премьер-министр Адылбек Касымалиев. Ал добуш берүүгө катышкан жарандарга ыраазычылык билдирди. «Бул шайлоо тынч, тартиптүү жана жогорку деңгээлде өттү. Мына ушуга аракет кылдык. Шайлоого катышып, атуулдук парзын аткарып, татыктуу талапкерлерди шайлаган шайлоочуларга өзүмдүн жана министрлер кабинетинин атынан ыраазычылык билдирем», — деди премьер-министр.

Кененирээк

Чет өлкөдө добуш бергендердин саны 620 кишиге жетти

Чет өлкөдө добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынан аймагынан тышкары Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия жана Монголияда түзүлгөн 22 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүүдө. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын добуш берген жарандарынын саны саат 9:00 га 620 адамды түздү. Добуш берүү процесси штаттык тартипте өтүп жатат.Жакынкы…

Кененирээк