Ош облусунун башчысы Эльчибек Жантаев добуш берди

Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев №5220 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ош облусундагы бардык шайлоо тилкелер саат 8:00дө ачылып, ишин баштады. Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев Кара-Суу районундагы №5220 шайлоо тилкесинде атуулдук милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аралыктан добуш берди. Ыйгарымдуу өкүл облус тургундарын шайлоо жараянына активдүү катышууга жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого…

Кененирээк

Республикалык бюджет 800 млрд сомдон ашты

Кыргызстанда республикалык бюджеттин көлөмү 800 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, жыл башында бюджет 500 млрд сом болуп бекитилген, бирок кирешелердин көбөйүшү жана чыгашалардын оптималдаштырылышы менен көрсөткүч бир топ өстү. Министр бюджеттин кеңейиши өлкөдөгү экономикалык өсүш менен финансылык туруктуулуктун белгиси экенин айтты. 3-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында бюджетке байланыштуу кошумча…

Кененирээк

Кара-Кулжада коомдук маданий борбордун курулушу жүрүп жатат

Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда ички жана сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аймактын жалпы аянты — 3986,97 чарчы метр болот. 3 кабаттан турган бул имаратта кинотеатр, машыгуу залы, тейлөөчү уюмдар, банк филиалдары, конференц-зал жана кошумча бөлмөлөр жайгашат. Белгилей кетсек, аталган борбордун курулушуна Турукташтыруу фондунан 150 млн сом каралган.

Кененирээк

Бишкекте таштанды заводу электр энергиясын өндүрө баштады

Президенттин администрациясы билдиргендей, завод өндүргөн электр энергиясы жалпы электр тармактарына бериле баштады. Завод таштандыны өрттөп жок кылуу аркылуу 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын чыгарат. «Учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулду. Азырынча 3,5 МВт берип жатат, бүгүн кечке чейин 18 МВт кубаттуулукка жетери күтүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта. Президенттин маалымат кызматы мындай заводдор башка…

Кененирээк

Бишкекте мыйзамсыз жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз медициналык жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.Тактап айтканда, борбордогу жеке медициналык клиникалардын бирин текшерүү учурунда ар түрдүү медициналык дары-дармектер жана буюмдар, анын ичинде баштапкы документтери жок медициналык жабдуулар табылган.Ошондой эле аталган клиника ишмердүүлүгүн салыктык каттоосуз жана тиешелүү лицензиясыз жүргүзүп келгени аныкталды. Мындан тышкары, фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиясыз жүргүзгөн Б.А.М….

Кененирээк

Мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын ири партиясы жок кылынды

Мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды мыйзамсыз ташып келип, “элиталык импорттук продукция” катары саткан кылмыштуу схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Корзинка 312” ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н. аттуу жаран бир нече жылдан бери чет өлкөдөн арзандатылган, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды алып келип, кайра таңгактап “эксклюзивдүү европалык деликатес” катары саткан. Бул азыктар ири…

Кененирээк

«Бишкек жакпаса, айылга же жайлоого барып жаша»-деген билдирүү талкуу жаратты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Кабар” агенттигине курган маегинде реновация тууралуу айтты. Бул Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу программасы. Бул ишке сын айткандар көп экенин белгилеп, Бишкек борбор болгондон кийин жогору карай өсүшү керектигин билдирди. Анын “тыгынсыз, таза абада жашоону каалагандар…

Кененирээк

Өлкө башчы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу катын жиберди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып…

Кененирээк

Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 25-27-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчылар Садыр Жапаров жана Владимир Путин Бишкек шаарында Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту.Эртеси күнү “Ынтымак Ордодо” лидерлердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мындан кийин мамлекет башчыларынын кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү болду. Кыргыз-орус өз ара аракеттенүүсүнүн негизги маселелери, ошондой эле…

Кененирээк

Күйүүчү майды сатып алуу боюнча Орусия менен жаңы келишим түзүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2026-жылга карата жаңы келишимге кол коюлду. «Келишим биздин экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлдү. Биз жөнөткөн сурамдар дайыма кабыл алынып, өз убагында аткарылып келет. Мурун Россия бизге жылына 1 млн тонна күйүүчү…

Кененирээк