Россия жакынкы жылдары Ысык-Көлгө шамал-электр станциясын курат

«Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда бир жарым-эки жылдын ичинде шамал станциясын ишке киргизүүнү пландап жатканын корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев билдирди. Бул туралуу Орусиялык маалымат басылмалары жазып чыгышты. Анын айтымында, долбоор график боюнча жүрүп жатат. Ал кошумчалагандай, тараптар курулуштун практикалык этабын башташкан. «Биз шамал станциясынын долбоорун натыйжалуу ишке ашыра баштадык. Жабдуулардын айрымдары алынып келинди,…

Кененирээк

ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен жыйыны башталды

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйыны башталды. Жыйында учурдагы коопсуздукка байланышкан маанилүү маселелер талкууланууда. Анын ичинде баңгизат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө маселеси бар. Катышуучулар коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерге арналган декларацияны кабыл алары күтүлүп жатат. Ошондой эле, кийинки үч жылга ЖККУнун баш…

Кененирээк

«Эмакомдун» күйүп кеткен батирлери толугу менен калыбына келтирилди

Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясынын өрт кырсыгынан улам күйүп кеткен батирлери Президенттин тапшырмасына ылайык толугу менен калыбына келтирилди. Ага ылайык бүгүн батирлерди ээлерине тапшыруу мааракеси болуп өттү. Мааракеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ныязбек Нурбаев жана жашоочулар катышышты. Мэр жашоочуларды жаңы конушу менен куттуктап, курулуш иштери өлкө башчынын тапшырмасынын…

Кененирээк

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» резиденциясында этномаданий программа менен таанышты

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында, бүгүн, 26-ноябрда, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды. Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын…

Кененирээк

Ош облустук ИИБдин кызматкерлери опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды

Ош облустук ИИБдин кызматкерлери опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. КР УКМК ИИМдин ИИКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИБү менен биргеликте 2025-жылдын 22-ноябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер бөлүмүнүн М.Ж.А. жана С.А.Ш. аттуу кызматкерлерин 300 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады. Тактап айтканда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Араван РИИБнын Коомдук коопсуздук…

Кененирээк

Россия Кыргызстанга эки көчмө лаборатория тапшырды

2025-жылдын 26-ноябрында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардын табигый очокторунда иштөө үчүн арналган мобилдик ПЦР/ИФА лабораториясы жана пневмокаркастык лабораторияны тапшыруу аземи өттү. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Жабдуулар Кыргызстан менен Россия Федерациясынын көп жылдан берки кызматташтыгынын алкагында Россия тараптан берилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана Россия Федерациясынын Роспотребнадзор кызматынын жетекчиси Анна…

Кененирээк

Аткезчиликке багытталган мал кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2025-жылдын 26-ноябрында чек арачылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшкандыгын маалымдайт. Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чеш-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек ара сызыгынан болжол менен 1000 метр аралыкта белгисиз беш адамдан турган топ малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган. Ыкчам…

Кененирээк

Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардан сынакты жасалма интеллект алат

Кийинки жылдан тарта айдоочулук күбөлүк алууну каалаган кыргызстандыктардан экзаменди жасалма интеллект алат. “Эми сынактарга адамдар катышпайт. Экзаменге кирген адам компьютер берген суроолорго жооп берет, тапшырса өтөт”, — деди Каныбек Туманбаев. Президенттин иш башкаруучусу ошондой эле кыргызстандыктарды эски айдоочулук күбөлүктү мындан ары “Түндүк” тиркемеси аркылуу алмаштырууга болорун кошумчалады. Бул үчүн тиркемеге сөзсүз 083 формасындагы маалым катты…

Кененирээк

Владимир Путин Кыргызстанга келди

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Кыргыз Республикасына келди.Жогорку мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын…

Кененирээк

Ошто Абай Кунанбаевдин аты көчөгө ыйгарылып, музейи ачылды

Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө бириктирилип, казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды. Көчөнүн башына Абай Кунанбевдин эстелиги жана музейи курулуп, бүгүн ачылышы өттү. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн башчысынын биринчи орун басары Ильяз Ташбаев , шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын Оштогу…

Кененирээк