Бир убакта 100 ишкана ачылды

Президент Садыр Жапаров 30-августта Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун ачылышына катышты. Ошондой эле өлкөдөгү жаңы курулган 100 обьекти онлайн ачууга старт берди. Алардын 40 өндүрүш ишканалары болсо 60 социалдык обьектилер.

Кененирээк

Саатына 80 тонна асфальт өндүрөт

Бул завод Ош облусунун Ноокат районунда ачылды.Бул Ишкананын артыкчыгы катары андагы 3 суу бассейинин атоого болот.Суу кампалары заводдогу түтүн, ыш жана ар кандай чаңды өзүнө сиңирүү менен экологияга зыян келтирбейт. Ошондой эле асфальттын жаңы түрү өндүрүлүп чыгарылат. Заводдон өндүрүлгөн продукцияны коңшу Баткен облусу да керектейт

Кененирээк

Россияда эмгектенген мигранттарга эскертүү

Россия мигранттарга көзөмөлдү күчөткөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.8-августта мигранттарды өлкөдөн чыгаруу тартибине жаңы укуктук режим киргизүү боюнча мыйзамга кол коюлган. Ал Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерге карата колдонулат. ТИМ Россиядагы кыргызстандыктарды өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убагында компетенттүү органдарга кайрылууга чакырат. Чектөөчү чаралар 2025-жылдын 5-февралында күчүнө кирет. Бирок ага чейин Россиянын аймагында…

Кененирээк

Өлкөдө жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-август күнү саат 16:14дө өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 2,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк

Милиция кызматкерлери заманбап жабдыктар менен камсыз болушту

Бүгүн, 29-августта Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун милиция кызматкерлерине заманбап планшеттер менен видео көзөмөл камералары тапшырылды. Бул туурасында Ош ОИИБинын басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү техникалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен алынды. Белгилей кетсек, өлкө боюнча 31-август Эгемендүүлүк күнү 15 миң милиция коомдук тартипти карайт. Ал эми Ош облусунун аймагында майрамдык салтанаттарда коомдук…

Кененирээк

Бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган

Бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган. Ош шаарында бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган адис кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда балдар…

Кененирээк

7 ай аралыгында казинодон бюджетке 129 млн сом түштү

Январь-июль аралыгында казинолордон бюджетке 129 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.Июль айында 21,6 миллион сом салык төлөнгөн.Жалпы оюн-зоок компанияларынан түшкөн киреше 136 миллион 88 миң сомго жетти.Финансалык көзөмөл агенттиги дагы бир казиного жана бир нече онлайн-казиного лицензия берди.

Кененирээк

Жарнамалык такталар тазаланды

Ош шаары эски үлгүдөгү жарнамалык такталардан тазаланды. Бул туурасында бүгүн, 29- августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, эски үлгүдөгү 300гө жакын жарнама такталары алынган. Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалоо тапшырмасын берген.

Кененирээк

Темир-бетон заводу курулду

Талас районунда темир-бетон заводу ачылды. Бул тууралуу Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев билдирди. Темир-бетон заводу Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында курулду. Ишкананы салууга Талас райондук өнүктүрүү фондунан 13 млн 922 миң 804 сом жумшалган. Жалпы 15 жумуш ооруду түзүлдү. Темир бетон буюмдарын өнүктүрүү технологиясы бетон аралашмасын даярдоо, продукциянын берилген түрүн калыпка салуу процесстерин өзүнө камтыйт….

Кененирээк

Мурдагы депутат чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов кайра рингге кайтып келди. Ал бүгүн Тайландда Муай Тай боюнча дүйнөлүк чемпиондук кур үчүн беттешет. Эске салсак, Шайлообек Атазов кесипкөй боксчу, ал 2006-жылы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугун, андан кийин дагы бир катар эл аралык мелдештерди жеңген.

Кененирээк