Сулайман-Тоо айланасындагы мыйзамсыз курулуштар бузула баштады

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейинин корук зонасындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда жана мыйзамсыз объектер менен сот иштери жургузулуп жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын кызматкери кабарлады.Сулайман-Тоонун тундук тарабындагы «Кайып-Мазар» участогунун 11 сотык жерине мыйзамсыз имараттар курулган. Эки тараптуу суйлошуулордун жыйынтыгында азыркы учурда курулуштар бузулуп жатат. ЮНЕСКОнун талабына ылайык ишетр жүргүзүлөт. Ош шаарына миндеген ички жана сырткы туристтердин агымын…

Кененирээк

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду. Ал Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында япониялык балбан Сакура Мотокини 9:6 эсебинде утту. Чечүүчү беттешке чейин Тыныбекова Кореядан жана Монголиядан келген атаандаштарын жеңип алган. Айсулуу Тыныбекова 2016, 2017, 2019, 2021, 2023-жылы Азия чемпиону болгон.

Кененирээк

Казакстанга гумжардамдын экинчи бөлүгү жеткирилет

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) суу ташкындан жабыркап жаткан Казакстанга «Жардам кербени» деген аталыштагы гумжардамдын экинчи бөлүгү жеткирилерин кабарлады. ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, гумжардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жиберилүүдө. Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн 150 тонна сүт азыктары бар. Гуманитардык жардам кыргызстандыктардын күчү менен жыйналган, кошумча президенттик фонддон бөлүнгөн акчага алынган. «Жардам кербени»…

Кененирээк

Бишкектин сегиз көчөсүдө 5 күн газ болбойт

Бишкектин батыш тарабында 5 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, Бакаев көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:Васильевский трактФучик көчөсүПрофсоюзная көчөсүДен Сяопина көчөсүПатрис Лумумба көчөсүЛев Толстой көчөсү Матыев көчөсүАла-Арча көчөлөрүндө өчүрүлөт.

Кененирээк

АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.Көргөзмөгө кыргыздын маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.Иш-чара Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен «Kyrgyz Community Center» кыргыз…

Кененирээк

Кызамык менен ооругандардын саны 8 миңге чукулдады

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны акыркы маалыматтар боюнча, 7 миң 864 учурга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан кабарлашты. Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын…

Кененирээк

Президент бүгүн бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абадка келет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Кененирээк

Кыргызстанда 29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу төмөнкүдөй болду: Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)Нарын облусу: 2109 (жалпы…

Кененирээк

Түрк бийлиги мигранттарды каттоо боюнча жаңы эреже киргизди

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тараткан маалыматка караганда, 15-апрелден тарта Түркиянын миграция кызматы туруктуу жашоого уруксатын узартууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн кошумча документ талап кылат. Жаңы эрежеге ылайык, эми мигранттар Улуттук электрондук билдирүү системасында дарегин жана өзү тууралуу толук маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Соңку айларда түрк полициясы мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди тыкыр текшерип жатканын кабарлап келет. Ички иштер…

Кененирээк

Бала бакчадагы тамак-аш төлөмү мурдагы боюнча калды

Депутаттар бала бакчалардагы тамак-ашты ата-энелер гана төлөгөн норманы алып салды. Демилгени депутат Элвира Сурабалдиева баштаган бир нече депутат иштеп чыккан. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды. Баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим берүү боюнча…

Кененирээк