Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек
Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди.Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кеминде 147 аталыштагы окуу китеби менен камсыз кылуу зарыл.кыргыз…

