Айымдардын майрамына карата 4 млн даана гүл алып келинди

Айымдардын майрамын утурлай чет жактан Кыргызстанга 4 млн даана гүл алып келинди. Бул тууралуу Бажы кызматы расмий маалымдады. Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланд жана Колумбиядан импорттолгон. Кыргызстандыктар чет жактан көбүнчө роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия сатып алышат.

Кененирээк

Быйыл Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулат

Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. Эреже боюнча ал Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет. Мусулмандар бул түндү ибадат кылып, дуба окуу менен өткөрүшөт.

Кененирээк

Кыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон ашты

Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясын расмий түрдө аяктаганын билдирди. Демилге тармакты көмүскөдөн чыгарууга жана ушул чөйрөдө иштеген ишкерлерди колдоого багытталган. МСКнын маалыматына ылайык, 942 ишкер активдерин тастыктап, легалдаштырылган буюмдардын жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомду түздү. Процесстин алкагында 1 604 электрондук эсеп-фактура таризделип, документтери жок зер буюмдардын калдыктары боюнча маалыматтар бирдиктүү…

Кененирээк

Өзбекстан армиясы күчөтүлгөн режимге өттү

Шавкат Мирзиёев Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында коргоо министри армиянын күжүрмөн даярдыгы жана техникалык жабдылышы тууралуу баяндама жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу төмөнкү тапшырмалар берилди.Билдирүүдө туруксуз эл аралык шартта өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө өзгөчө мааниге ээ экени белгиленген. Эске салсак, Казакстан да бардык күч түзүмдөрүн…

Кененирээк

Иранда АКШ жана Израилдин соккуларынан 787 адам каза болду

Ирандын Кызыл Жарым Ай коому АКШ жана Израил тарабынан жасалган соккулардын натыйжасында 787 адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу Al Jazeera маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоочу Human Rights Activists in Iran (HRANA) уюму 742 жайкын тургун каза тапканын, алардын арасында 176 бала бар экенин билдирди. Минаб шаарында башталгыч мектепке жасалган чабуулдан каза болгон 165 кыздын…

Кененирээк

Жидда-Ош багыты боюнча авиакаттамдар жанданды

Бүгүндөн тарта Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар жанданарын элчи Улукбек Марипов билдирди. Рейстер жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү болот. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган мекендештер келерин билдирди. Марипов Жидда — Бишкек боюнча да каттамдарды жандандыруу маселеси талкууланып…

Кененирээк

Кыргызстан эки учак жалдап Жакынкы Чыгыштагы 300 кишини алып кетүүгө макулдашты

Садыр Жапаров БАЭде учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман менен сүйлөшүлгөнүн билдирди. Биринчи кезекте жаш балдар менен аялдар алып келинмекчи. «Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет”,— деп жазган президент. Белгилей кетсек, аталган аймакта 20 миңден ашык…

Кененирээк

УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгын Канат Табалдиев жетектейт

Ош облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүмүнүн жаңы башчысы дайындалды. Канат Табалдиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аткарууга киришти. 3-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө жаңы жетекчини тааныштырды. Канат Табалдиев…

Кененирээк

Кыргызстан өз жарандарын Жакынкы Чыгыштан алып келүү үчүн каттам уюштурушу мүмкүн

Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Омандын расмийлери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Министрлик Садыр Жапровдун тапшырмасы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат бериле турганын билдирди. ТИМ Жакынкы Чыгышта жүргөн жарандарды этият болууга үндөп, кооптуу аймактардан оолак болууну жана документтерин дайыма жанында алып жүрүүнү эскертти.

Кененирээк

Быйыл жазгы талаа жумуштары эки жума эрте башталды

Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштери адаттагыдан эки жума мурда старт алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык тармагындагы чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов билдирди. Анын айтымында, быйыл кыш жылуу болуп, жаз эрте келген. Дыйкандарга алдын ала сезонго даярдык көрүү — ным сактоо чараларын…

Кененирээк