Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерди УКМКга кайрылууга чакырды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыз-келиндерди зордук-зомбулукка кабылса УКМКга кайрылууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейзбук баракчасында жазып чыкты. Ал кайрылууну Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу жасады. УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды.«Урматтуу кыз-келиндер!Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез…

