Баткенде аялдар үчүн алгачкы жолу спорт комплекси курулду
Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорт комплекси Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерине курулган. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болуп саналат. Максаты жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана спорт менен машыгууларына шарт…

