Ленинград блокадасын бошоткон баатырлардын эрдиги эскерилди

Ленинград шаарын фашисттик блокададан толук бошотуунун күнү алдында Кант шаарында «Үмүттүн учкуну» аттуу эскерүү акциясы өттү. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстеликтин алдында уюштурулду. Ага шаар мэриясынын өкүлдөрү, Чүй облустук китепканасынын кызматкерлери, мектеп окуучулары жана Россиянын авиациялык базасынын аскер кызматкерлери катышты. Акциянын жүрүшүндө согуштан кайтпай калган баатырлардын элесине арналып шамдар жагылып, бир мүнөт…

Кененирээк

Кыргызстанда Нипах вирусуна байланыштуу санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстанда Нипах вирусу боюнча ооругандар аныкталган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  Азыркы учурда вирус Индияда катталууда. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу көзөмөлдө.  Мамлекеттик чек арада санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү:  -келген жарандардын саламаттыгы текшерилет  -транспортко санитардык көзөмөл жүргүзүлөт  -медкызматкерлер эрте аныктоо жана обочолонтуу боюнча нускама алышты.  Нипах вирусунун табигый булагы — жарганаттар. Жугуу жолдору: — жаныбарлар менен…

Кененирээк

Украина, Россия жана АКШ 1-февралда кайра сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина–Россия–АКШ форматындагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки раунду 1-февралда Абу-Дабиде өтөрүн билдирди.  Зеленский белгилегендей, негизги талкуулар аскердик маселелерге, согушту токтотуу жолдоруна жана ок атышпоо режимин көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү механизмдерине арналган.  Президент Россия согушту улантып жатканын айтып, Москва сүйлөшүүлөрдү убакыт утуп алуу же басымды кечеңдетүү үчүн колдонбошу керектигин баса белгиледи. Украина реалдуу дипломатиялык жыйынтыктарды күтүп…

Кененирээк

Кыргыз футзалчылары Азия Кубогундагы алгачкы беттешин өткөрөт

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында футзал боюнча Азия Кубогу бүгүн, 27-январда старт алат. Биздин оюнчулар «А» тайпасында Индонезия, Ирак жана Түштүк Корея курамалары менен күч сынашат. Алгачкы беттешин бүгүн, 14:00дө Ирак курамасына каршы өткөрөт. Жалпысынан турнирге 16 көлкө катышууда. Плей-офф баскычына ар бир тайпадан экиден курама чыгат

Кененирээк

Кыргызстанда бирдиктүү “Санарип туристтик платформасы” түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, учурда визалар, камсыздандыруу полистери жана логистика ар башка ведомстволордо болуп, биздин өлкөгө келген туристтерге кыйынчылык жаратып келет. Андыктан, бардык мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм куралдарын бириктирген платформа керек. Долбоорду Туризм департаменти, Санариптик өнүктүрүү жана Каржы министрликтери жана “Түндүк” тиркемеси ишке ашырат. Аларга техникалык талаптарды жана каржы булактарын аныктоо тапшырмасы…

Кененирээк

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 03:54дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин (Кабылан-Көл айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Алга-Бас айылынан 5 чакырым түштүк-батышта) сезилген. Жер титирөөдөн…

Кененирээк

Бишкектеги «Манас» кинотеатрынын маңдайына жер астындагы өтмөк курулат

Мэриянын транспорт департаментинин бөлүм башчысы Темирбек Мамашевдин айтымында, Чыңгыз Айтматов проспектисинин бул тилкесинде мурда жөө өтмөк болгон, бирок ал кооптуу болгондуктан жана көп жол кырсыгы катталгандыктан алынып салынган. Эми бул жерде жарандар коопсуз өтө турган жер астындагы өтмөк куруу пландалууда. Белгилей кетсек, мэрия буга чейин унаалардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу үчүн Айтматов проспектисинде жалпысынан үч…

Кененирээк

АКШдагы бороон жашоо-шартты катаалдаштарды

АКШда катуу бороон, кар жана суук аба ырайынан улам 24 штатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Чыгыш аймактарда транспорт системасы дээрлик токтоп калды.  Табигый кырсыктын кесепетинен 1 миллионго жакын тургун электр жарыксыз отурат. Көптөгөн жолдор жабылып, коомдук транспорт иштебей калды.  Жекшемби күнү аба ырайына байланыштуу 10 миңден ашуун авиакаттам токтотулуп, дагы 900дөн ашыгы кечиктирилди. Аэропорттордо миңдеген…

Кененирээк

Төлөйкөн айылындагы санаторийдин курулуш иштери улантылууда

Шаар мэриясынын малыматына ылайык, учурда курулуш иштеринин негизги бөлүгү аяктап, эшик-терезелер орнотулду. Сырткы фасаддык иштер толугу менен бүткөрүлүп, учурда имараттын ички жасалгалоо иштери улантылууда. Жалпы аянты 3240 чарчы метрди түзгөн дарылоо мекемеси жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңыланууда.

Кененирээк

“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айдай Асангулова 48 жашында дүйнөдөн өттү

Жакындары ал көптөн бери оору менен алышып келгенин айтышууда. Маркум 27-январда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилет. Айдай Асангулова — көрүнүктүү маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф. Ал кыргыздын салттуу кийимдерин жандандыруу, калыбына келтирүү жаатында эбегейсиз эмгек көрсөткөн. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кененирээк