Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо үчүн «Экспертиза» системасы ишке кирди

Айыл чарба министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент АИС «Экспертиза» маалыматтык системасын ишке киргизгенин билдирди. Максат — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана адам факторун кыскартуу. Эми жеке жана юридикалык жактар үрөндүк материалды сертификаттоо үчүн талаа инспекциясына, лабораториялык анализдерге жана жаңы сортторду сорт сыноодон өткөрүүгө онлайн арыз тапшыра алышат. Аймактык мекемелерге барып,…

Кененирээк

Ош шаарында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара 23-25-январь күндөрү уюштурулат. Анын алкагында 2026-жылга карата Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамы аныкталат. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Кененирээк

Жогорку Кеңеш биринчи окууда жаңылануучу энергетика секторуна аукциондорду киргизүүнү талкуулады

Жогорку Кеңеш «Жаңылануучу энергия булактары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда карады. Эксперт Кундуз Карбышеванын айтымында, бул сунуштар «жашыл» энергетиканы атаандаштык негизде жана системалуу өнүктүрүүгө багытталган. Негизги жаңылык — аукциондук системага өтүү: алдын ала тариф коюунун ордуна ЖЭБ долбоорлорун ишке ашыруу укугун электр энергиясына эң төмөн бааны сунуштаган инвесторлор алышат. Ошондой эле мыйзамдан 1,3…

Кененирээк

Кыргызстанда эт сатуу үчүн көчмө автодүкөндөрдүн тармагы ишке киргизилет

Айыл чарба министрлигине караштуу «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы эт азыктарын сатуу боюнча көчмө түйүндөрдүн пилоттук долбоорун тааныштырды. Максат — ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө түз жеткирүү каналын түзүп, ортомчуларды азайтуу. Долбоор соода жана муздаткыч жабдуулары бар атайын фудтрактарды ишке киргизүүнү карайт. Көчмө түйүндөрдө сапаттуу эт бекитилген социалдык баада сатылып, логистикалык чыгымдар азайып, ортомчулардын үстөгү жоюлары айтылды. Долбоордун…

Кененирээк

Орусиянын соккусунан кийин Киев жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калды

20-январга караган түнү Орусия Украинага каршы массалык сокку урду. Президент Владимир Зеленский билдиргендей, баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле 300дөн ашуун дрон колдонулган. Эң оор абал Киев шаарында катталды. Шаар мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Киевде 5635 көп кабаттуу үй жылуулуксуз калды. Алардын 80%ы январдын башындагы соккулардан кийин жаңы эле жылуулукка туташтырылган үйлөр болгон. Днепрдин…

Кененирээк

Ош шаарындагы «Асан-Үсөн» бала бакчасына кошумча курулган имарат пайдаланууга берилди

Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду. Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты. Калаа башчысы бакчанын ачылышында шаар тургундарына: “Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен мектептер жана…

Кененирээк

Коргоо министрлигине автотранспорт каражаттары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычын тапшыруу аземине катышты.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы унаатехниканын алынышы менен куттуктады. Коргоо министрлигине Кыргызстандагы “Тулпар Моторс” заводунан чыгарылган…

Кененирээк

Кыргызстанда алимент төлөбөгөндөр үч жылга чейин эркинен ажыратылат

Кыргызстанда алимент төлөбөгөндөр үч жылга чейин эркинен ажыратылат.Жаңы мыйзам долбоору депутаттар тарабынан комитетте биринчи окууда жактырылды. Анда төмөнкүлөр сунушталат: ▪️Үч айлык карыз үчүн үч күндүк камакка алуу жазасы колдонулат; ▪️Бир жылдын ичинде кайталанган укук бузуу үчүн жети күндүк камакка алуу жазасы колдонулат; ▪️12 айлык карыз үчүн 100 сааттан 200 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу жазасы…

Кененирээк

Ошто «Папан» гидроэлектрстанциясынын курулушу уланууда

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда чакан ГЭСтин имараттары курула турган аймакка чейинки убактылуу жүрүүчү жолдун курулушу аяктады, суу алуучу курулманы куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди, курулуш мезгилинде электр энергиясын пайдалануу үчүн техникалык шарттар иштелип чыгып, макулдашылды. Мындан тышкары, курулуштун алдын ала планы аныкталып, суу сактагычтын аймагына кирүүгө уруксат алынды жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Эске салсак,…

Кененирээк

Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

УКМК Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагындагы аянты 2700 чарчы метр болгон жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Бул туралуу УКМКдан маалымдашты. Имараттары бар бул объект стадиондун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.Текшерүүдө аталган жер тилкеси максаттуу багыты өзгөртүлүп, мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылганы аныкталган. Бул 1995-жылдын 16-февралындагы президенттик жарлыктын талаптарына каршы келет: социалдык инфраструктура объекттери сатылбоого жана белгиленген тартипте пайдаланылууга…

Кененирээк