Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын перинаталдык борборунун курулушуна «Мезгил кутусун» салуу аземи болуп өттү.

Иш чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Токтомуратов Манас Азимжанович, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард катышты.

Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасындагы Перинаталдык борбордун курулушу Кыргыз Өкмөтү менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Эне жана баланы коргоо IV-VIII фазасы” долбоорунун негизинде ишке ашырылып жатат.Кыргызстан менен Германиянын саламаттык сактоо жаатындагы аракеттери Бириккен Улуттар Уюмунун ( БУУ — ООН) туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө, анын ичинде бакубаттуулукту жогорулатууга жана сергек жашоо образын камсыз кылууга багытталган.

Жаңы курула турган имараттын жалпы аянты — 4723 м2, реконструкциядан өтө турган имараттын жалпы аянты — 1727 м2, курулуштун көлөмү — 24805 м3, курулуштун аянты — 1984 м2, керебеттердин саны – 249. Курулуштун баасы — 9 млн.евро, курулуштун мөөнөтү – 2 жыл. Перинаталдык борбордун курулушу бүткөндөн кийин жогорку технологиялык, жаңы инновациялык медициналык жабдуулар коюлган акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, жогорку класстагы палаталары жана башка медициналык кызматтар камтылат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *