Маалыматка караганда, Имангали Тасмагамбетов Бишкектеги саммитте жыйынтыктоочу отчетун берет. Саммиттен кийин ЖККУнун биринчи даражадагы Ардак белгиси менен сыйланат.
64 жаштагы Таалатбек Масадыков 2024-жылдан бери уюмдун башкы катчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Кыргызстанда Коопсуздук кеңеште, президенттин өкүлү катары иштеген. Кыргыз, орус, англис, пушту жана дари тилдерин билет.

