Президенттин администрациясы билдиргендей, завод өндүргөн электр энергиясы жалпы электр тармактарына бериле баштады. Завод таштандыны өрттөп жок кылуу аркылуу 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын чыгарат.

«Учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулду. Азырынча 3,5 МВт берип жатат, бүгүн кечке чейин 18 МВт кубаттуулукка жетери күтүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта.

Президенттин маалымат кызматы мындай заводдор башка аймактарга да салынарын билдирди. Бишкекте бир суткада 1000 тоннага жакын таштанды чогулат, бул завод суткасына 1 200 тонна акыр-чикирди жок кыла алат.
Заводдун ачылышы жаңы жылга чейин болору айтылууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *