ELQR системасы иштей баштагандан бери жүргүзүлгөн операциялардын саны 55 эсеге, ал эми төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 85 эсеге көбөйгөнүн Улуттук банктын төрагасы билдирди.
Мелис Тургунбаевдин айтымында, ушул жылдын алты айында QR аркылуу 274,9 млрд сом төлөнгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилинен 20 эсеге көп. Ошондой эле колдонууда накталай акчанын үлүшү азайып жатат. Карталардан акча чыгарып алуу дагы үчтөн бирге кыскарган.
Жарандардын каржыга болгон мамилеси өзгөргөнү да белгиленди. Мисалы, чыгымдар ачык-айкын болуп, шашылыш сатып алуулар азайган. Бюджетти пландаштыруу жеңилдегени айтылат. Онлайн төлөмдөр бардык тармакта нормага айланып, эл коммуналдык кызматтардан тартып мамлекеттик төлөмдөргө чейин ушул ыкмага өткөн. Анын ичинде мамлекеттик төлөмдөр 371 эсеге өскөн.

