Бишкекте атчан патрулдун саны 50-60ка чейин көбөйөт. Бул туралуу Бишкек шаардык ИИБ нын кайгуул-күзөт кызматы билдирди.
Бишкек ШИИББинин кайгуул-күзөт кызматы учурда атчан патрулда 43 кызматкер иштеп, 32 ат бар экенин билдирди. Кызматтын жетекчиси Канатбек Жумаевдин айтымында, алар тоолуу жана автоунаа өтпөгөн аймактарда, ошондой эле сейил бактарда коопсуздукту камсыздайт.
Атчан милиционерлер туристтик жайларда эл менен түз иштешет жана ыкчам жардам көрсөтүүгө даяр. Учурда кызматка 27 талапкердин документи каралып, алар үч айлык окуудан кийин сынак аркылуу кабыл алынат.

