Президент Садыр Жапаров 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул туралуу Президенттин администрациясы маалымдады.

Анда Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президенти Асиф Али Зардари, парламент төрагасы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар Кыргызстан-Пакистан мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму да өтөт.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн.

Кыргызстандын президентинин Пакистанга акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон.

Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *