Сасык тумоодон улам 65тей бала бакча убактылуу жабылып, 5 мектеп аралыктан окууга өттү. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Саламатык сактоо министрлиги Бишкекте 25ке жакын, Чүйдө 40тай бала бакча карантинге жабылганын билдирди. Ошондой эле Ош облусундагы беш мектеп аралыктан окумай болду.

Өткөн жумада КРВИ жана сасык тумоонун 37 миңден ашык учуру катталган, бул мурунку жумадан 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ы 14 жашка чейинки балдар.
Бишкек, Ош шаарлары, Баткен жана Чүй облустарында илдет эң көп катталган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *