Президент Садыр Жапаров Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркында (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты.
NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген платформа.Жапаров NASTP Alpha экспозицияларын көрүп чыкты, анда авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар, космос индустриясынын продукциялары бар.

Президент Кытай менен Пакистан бирге иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактарын да көрдү.Ага учактын негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрү, техникалык мүнөздөмөлөрү, маневр жасоо жөндөмдүүлүгү, багыттоо жана курал-жарак системалары көрсөтүлдү.


