Маданият жана маалымат министрлиги балдардын интернетке кирүү тартибин өзгөртчү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда 16 жашка чейинки колдонуучуларга бардык онлайн-платформаларда аккаунт ачууга тыюу салуу каралган.
Тыюу социалдык тармактарга, видеохостингдерге жана башка платформаларга тиешелүү болот. Бир гана мессенджерлер — WhatsApp, Telegram жана окшош сервистер — буларга чектөөгө кирбейт.
Максат — өспүрүмдөрдү зыяндуу контенттен жана кибербуллингден коргоо.Азыр документ «Ачык НПА» порталында талкууланып жатат. Парламент колдоп, президент тастыктаган учурда, мыйзам расмий жарыялангандан 60 күндөн кийин күчүнө кирет.

