Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгон адамдардын органдарын билим берүү жана илимий максаттарда (анатомиялык донордук) университеттерге жана ооруканаларга берүүгө уруксат сурап жатат. Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, жаран тиешелүү арызды же керээзди нотариалдык жактан күбөлөндүрүп жаза алат. Ошондой эле тууганы да макулдугун бере алат.Эгерде денелерди, ампутацияланган органдарды же операция учурунда алынып салынган органдарды бейтап же алардын өкүлдөрү 10 күндүн ичинде албаса, университеттерге берүү сунушталууда.

