Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берилди

Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул туралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, гумжардам Кыргыз-Кытай ассоциациясы тарабынан берилди.

Анда азык-түлүк, үй тиричилик каражаттары бар. Андан тышкары, балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна акчалай жардам жана зарыл болгон шаймандар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *