Кыргызстанда 18 миң гектар жерге тамчылатып суугаруу системасы орнотулду

Кыргызстанда дээрлик 18 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Бул туралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлик билдиргендей, сууну үнөмдөөгө багытталган мындай система Чүй облусунда көп коюла баштады. Ошондой эле Ысык-Көл облусу тамчылатып сугарууну өнүктүрүү боюнча пилоттук аймак катары тандалып алынды.

Белгилеп кетсек, өкмөт 2030-жылга чейин 200 миң гектарга ушундай система орнотууну пландап жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *