Эмдиги жылы Бишкектин кайсы жеринен жана качан ипотекалык үйлөр берилет?

Эмдиги жылы ипотекалык үйлөр Бишкектин кайсы жеринен жана качан берилери белгилүү болду.

МИКтин Калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаеванын айтымында, 2026-жылы төмөнкү объектилерден батирлер тапшырылат:

⭕️“Мурас” турак жай комплекси — 2 280 батир (экинчи фазанын экинчи этабы жана толук үчүнчү этап);

⭕️Волков жана Костанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үй — 1 320 батир (2026-жылга чейин бүткөрүлөт);

⭕️“Ынтымак” ТЖК (биринчи этап) — 918 батир;

⭕️Тынчтык проспекти жана Горный көчөсүнүн кесилишиндеги үй — 120 батир;

⭕️Кара-Жыгач ж/к, Бегматов көчөсү — 105 батир;

⭕️Чыңгыз Айтматов, 104 — 665 батир;

⭕️Лев Толстой көчөсү, 120 — 280 батир.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *