Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын каттоо системасын реформалоо тууралуу Жарлыкка кол койду. 2026-жылы айрым кызматтардан түшкөн каражат республикалык бюджетке эмес, түздөн-түз Мамлекеттик борбордун эсебине түшөт.

Борбор өзүндө сакталып калчу каражатка өзгөчө жана аталыштуу номерлердин сатылышы, тонировкага уруксат берүү, ошондой эле эски номерлерди металлоломго өткөрүү кирет. Бул акча инфраструктураны жаңылоого жана материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө багытталат.

Жарлыкты ишке ашыруу Кабминге жүктөлдү, ал эми Иш башкармалык каражаттын туура жана натыйжалуу колдонулушун көзөмөлдөйт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *