Садыр Жапаров Адам укуктарынын күнү менен куттуктап жатып, байыртадан бери эле кыргыз эли үчүн адилеттүүлүк, эркиндик, адамдын ар намысы менен кадыр-баркы эң жогорку баалуулук болуп саналганын белгиледи.
“Биз жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани беребиз”, — деген өлкө башчы.
Ошондой эле ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырган.

