Кытайдан Бишкек шаарына 95 жаңы автобус жеткирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда алардын баары автобустар токтой турган аймакка жайгаштырылды.Автобустун узундугу 12 метр, үч эшиги бар. Жай мезгилинде кондиционер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.

