«Кыргызстанда «Санарип көчмөн» (Digital Nomad) макамын алууну каалаган чет элдик жарандар үчүн электрондук платформа расмий иштей баштады. Эми өтүнүчтү алгачкы этапта мамлекеттик органдарга барбастан, аралыктан тапшырууга болот»,-деп маалымдады Эмгек министрлиги.
Табыштама берүү эки баскычтан турат. Адегенде жеке кабинетти активдештирүү үчүн каттоо өтүнүчү жөнөтүлөт, андан кийин арыз жана документтер тапшырылат. Документтер толук болгондо гана арыз кароого алынат.Макам адегенде 60 күнгө берилет, кийин 1 жылга узартылат жана жыл сайын узартуу менен 10 жылга чейин жеткирүүгө мүмкүн. Бул макам чет өлкөлүк компанияларда аралыктан иштөө шарты менен Кыргызстанда виза жана иштөөгө уруксатсыз мыйзамдуу жашап-иштөөгө шарт түзөт.

