Кыргызстандын самбо курама командасы дүйнө кубогунда 13 медаль жеңди
Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль 2 күмүш, 11 коло жеңишти.Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп, 14 мамлекеттен келген 250 дөн ашык спортчулар катышты.64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча жана спорттук самбо боюнча Адилет Кубаныч…
