Садыр Жапаров: «2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз»

2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз. Бул тууралуу Бишкекте IV Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, 2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азая баштайт. Ал эми 2035-жылы карыздан толук кутулууга жол ачылат. Ушул жылдын сентябрь айындагы маалымат боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 732 млрд…

Кененирээк

Камчыбек Ташиев алдыңкы спортчуларга батирлерди тапшырды

Камчыбек Ташиев «Жаштык» аренасында өтүп жаткан күрөш боюнча өлкө чемпионатына барып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен эл аралык аренада ийгилик жараткан алты спортчуга батирлердин ачкычын тапшырды. Батирге ээ болгондор: 🔶Айпери Медет кызы — 3 бөлмөлүү, 🔶Асан Жанышов — 2 бөлмөлүү, 🔶Ихтияр Нишонов — 1 бөлмөлүү, 🔶Омар Ливаза — 1 бөлмөлүү, 🔶Смадияр Жумакадыров — 1 бөлмөлүү,…

Кененирээк

Кыргызстанда сотторду эрте пенсияга чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда судьяларды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун президент администрациясы иштеп чыкты. Ага ылайык, судьялык иш тажрыйбасы 20 жылдан кем эмес болгон учурда, пенсия курагына жете электигине карабастан, ардактуу эс алууга чыгууга уруксат берилет. Документте соттордун психофизиологиялык жүгү оор, курактык өзгөрүүлөр менен топтолгон стресс ишти тез жана сапаттуу кароо жөндөмүнө терс таасирин…

Кененирээк

Россиянын соту Екатерина Биволго чара көрөт

Санкт-Петербург шаарында белгилүү боксчу, дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволго карата административдик укук бузуу боюнча иш козголду. Бул тууралуу орус ЖМКлары кабарлады. Маалыматка ылайык, иш анын социалдык тармактарда кыргыздар жана казактар тууралуу жазган постторуна байланыштуу катталган. Сот отуруму 29-январга белгиленген.Эгер күнөөсү далилденсе, Екатерина Биволго 20 миң рублга чейин айып пул салынуусу же 15…

Кененирээк

“Манас” аэропортунда каттамдар жанданды.

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө. Эске салсак, акыркы күндөрү “Манас” аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан.

Кененирээк

Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат

Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, демилге жеке компанияларга таандык. Смарт-мамылар күн панелдери жана шамал генераторлору менен иштеп, камералар менен камсыздалып, жасалма интеллект орнотулган. Ошондой эле жарандар аталган мамылардагы wi-fi менен колдонуп, электромобилдерин кубаттай алышат.

Кененирээк

АКШдан өз ыктыяры менен депортация болгон мигранттарга 3000 доллар берилет

Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШдан өз ыктыяры менен депортация болгон мигранттарга кенемтени көбөйтүп, 3000 долларга жеткирди. Бул тууралуу дүйшөбүмдө Ички коопсуздук министрлиги билдирди. Ал акча мыйзамсыз жүргөн, жыл аягына чейин АКШдан чыгып кетебиз деп катталган чет элдиктерге берилмекчи. Маалыматка караганда, бул каражатка билеттин баасы да кирет. «Мыйзамсыз мигранттар бул белектен пайдаланып, өздөрү депортация болушу керек. Себеби андай…

Кененирээк

«Түндүк» тиркемеси аркылуу 100 миңге жакын жаран өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

“Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салгандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Эске салсак, механизм 1-ноябрда ишке кирген. Анын башкы максаты — алдамчылардан коргоо болуп эсептелет. Кызмат акысыз, ыктыярдуу жана жарандарга өзүнүн атына насыя каттоого мүмкүнчүлүктү бөгөттөп коюу укугун берет. Тыюуну алып салуу дагы “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

Кененирээк

8 миң баш мал-жанды караган караган 26 малчы менен байланыш жок болуп жатат

Кечээ Толук айылынын тургундарынын ӨКМ менен бийликтен жардам сураган видеосу тараган. Алар 19-декабрдан бери жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, кыштоодо жете албай жатканын билдиришкен. “Алар тоютсуз, тамак-ашсыз калды. Байланыш жок, телефон тартпай жатат”, — деген жергиликтүү тургун. ӨКМ аларга кайрылуу түшкөнүн тастыктап, бүгүн Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү жолго чыгып кеткенин билдирди. Министрлик 7760 баш…

Кененирээк

Өлкөдө бир жылда 1 545 чакырым жол асфальтталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жол тилкелеринде асфальттоого чейинки ири жер иштери аткарылып, алар кийинки жылы асфальт басууга толук даярдалды. Министрликтин баштапкы планы болжол менен 1 миң чакырым жолду асфальттоо болгон. Жол куруучулардын…

Кененирээк