Орусияда жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөрүү кирди

Кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алган соң айдоочулук күбөлүктөрү жараксыз деп табылат. Бул тууралуу кыргызстандын орусиядагы элчилиги маалымат таратты. “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, кыргыз жарандарынын Орусиянын жарандыгын алган соң айдоочулук күбөлүгү жараксыз болот. Ошондуктан убагында орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алуусу керек. алгандан күндөн тартып бир жылдан кийин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү бул өлкөдө жараксыз деп…

Кененирээк

Ошто бир мандаттуу шайлоого талапкерлердин саны онго жетти

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны онго жетти. Алар Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов Бекболот Арзибаев, Бекмурза Эргешов, Калтарбек Кыдыров, Юлия Лилиенталь, Эмиль Караев, Нурлан Танабаев арыз берип, каттоого алынган. Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында учурда дагы төрт талапкер арыз берип жатканы айтылды. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу бүгүн, 28-март…

Кененирээк

Балыктарды көбөйтүү аракети

Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлгө форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабактары жана сига-лудога балыгынын 5 миллион 750 миң даана чабактары кое берилди. Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калганын айыл чарба министрлиги билдирди. «Тоң балык өстүрүүчү…

Кененирээк

Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдун артыкчылыгы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмок шаарындагы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкмөттөн билдиришкендей, учурда завод тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылган. Ишканада 200гө жакын адам иштейт жана саатына 2 тоннадан ашык эски дөңгөлөктөр кайра иштетилет. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар…

Кененирээк

Кыргызстан 5-1 эсебинде Кытайлык футбол команданы жеңди

Кыргызстандын футбол курама командасы Кытайлык команданы 5-1 эсебинде жеңди. Беттеш Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюнчуларды колдоо үчүн өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана 13 миңден ашык күйөрман келди. Оюн аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын футбол командасын ишенимдүү жеңиши менен куттуктады. Садыр Жапаров футболчулардын даярдык деңгээлин, машыктыруучу штабдын ишин жогору баалап,…

Кененирээк

Кыргызстан менен Кытайдын командасы футболдо беттешет

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Кытайдын Тайбэйи менен беттешет. Кыргыз футбол союзу команданын курамын жарыялады. Оюн Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат. Буга байланыштуу айрым көчөлөр жабылып, 2 500дөй милиция кызматкери күзөттө болот. Маалыматка ылайык, саат 14.00дөн тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Панфилов…

Кененирээк

Мал жана үй канаттуулары кайра саналып чыгат

Министрлер кабинети 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Каттоонун негизги максаты — эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу. Айыл чарба каттоосу 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрга чейин жүрөт, мал жана үй канаттуулары кайра саналып чыгат. Айыл чарбасын каттоону субъекттери болуп окуу жайлардын,…

Кененирээк

Орусияга чыгууну пландап жаткандарга шашылыш билдирүү

Орусияга чыгуунун пландап жаткан жарандарга шашылыш билдирүү. Тышкы иштер мининистрлиги кыргызстандыктарды Орусияга убактылуу барбай турууну сунуштады. Орусияда буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандар мамлекеттик чек арадан өтпөй калбашы үчүн бул өлкөгө барбай туруу керек. Суроолор жаралса Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишеним телефонуна же Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгына телефону аркылуу…

Кененирээк

Макаренко мектебиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын аймагын баштапкы калыбына келтирүү иштери башталды. Бүгүн, мектептин аймагындагы чарбалык жана коммерциялык багыттагы эки мыйзамсыз курулуш алып салынууда.

Кененирээк

Бүгүн борбор калаада жылуулук өчүрүлө баштайт

Бүгүн, 25-марттан баштап Бишкек шаарында жылуулук берүү өчүрүлөт. Март айына карата аба ырайынын божомолун жана абанын сырткы температурасы эске алынды. «Бишкек шаарындагы 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинин аякташы жөнүндө» буйрукка мэр Айбек Джунушалиев кол койду.

Кененирээк