Митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды
Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Сот Биринчи май акимчилигинин «Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө» токтомун мыйзамдуу деп табуу боюнча арызын канааттандырган. Ага ылайык, тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу 30-июнга чейин узартылды. Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки…
