Кочкордо жаңы заманбап оорукана курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда эки үч кабаттуу корпустан турган жаңы оорукана курулууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттен каржыланууда. Оорукананын жалпы аянты 6 миң 661 чарчы метрди түзөт. Имаратта 40ка жакын палата, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация жана стерилдөө бөлүмдөрү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, жыйындар залы жана ашкана жайгашат. Оорукана лифт менен жабдылат.

Кененирээк

Бишкектеги жаңы Ош базар август айында бүтөт

Бишкектеги жаңы Ош базарды август айына чейин бүткөрүү пландалууда. Жаңы базардын жалпы аянты 155 000 чарчы метрди түзүп, анын 10 000ден ашыгын соода жайлары камтыйт. Имараттар эки кабаттан жана бир жер астындагы кабаттан турат. Аларда кампалар, унаа токтотуучу жайлар жана жыл бою соода кылуу үчүн башка жайлар да болот. Ош базарынын учурдагы имараты жаңы комплекс…

Кененирээк

Трамп согушту токтотуу боюнча сунушка Ирандын жообун кабыл албады

Трамп АКШнын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна Ирандын жообу таптакыр кабыл алынгыс экенин билдирди. “Мен азыр эле Ирандын “өкүлдөрү” делген адамдардын жообун көрдүм. Мага жаккан жок, таптакыр кабыл алынгыс!” — деп Truth Social соцтармагына жазды. Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, Тегеран АКШнын тынчтык сунушун четке каккан. Алар демилге “ашыкча талаптарга баш ийүүнү билдирет” деген пикирде….

Кененирээк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди

Ошто 9- майга карата Санкт-Петербург көчөсү толугу менен жаңыланып жана жол логистикасын жакшыртуу үчүн жаңы көпүрө курулду. Салтанаттуу ачылыш аземи шаар жетекчилигинин жана чет элдик дипломаттардын катышуусунда өтүп, Ош шаары үчүн жаңы транспорттук байланыштын маанилүүлүгүн тастыктады. Эми Санкт-Петербург көчөсү Мамыров көчөсүнө ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылат, ал эми жаңы жарыктандыруу тутуму жана тротуарлар бул тилкени тургундар…

Кененирээк

Ысык-Көлдүн үстүнө веложол салынат…

Чолпон-Атадагы веложол Корумдуга чейин узартылып, маршруттун бир бөлүгү көлдүн үстү менен өтөт. Мындай тапшырманы Садыр Жапаров берди. Президент бул уникалдуу долбоор болорун белгиледи. Учурда веложол Чолпон-Ата менен Бостери айылын бириктирип турат.

Кененирээк

Ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына жөнөп кетти

10-май күнү 180 зыяратчы Ош эл аралык аэропортунан Медина шаарына учуп кетишти. Болочок ажыларды сапарга Муфтий Абдулазиз кары Закиров, Дин башкармалыгынын кызматкерлери, Сауд Арабиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хаким узатышты.

Кененирээк

ӨКМ башчысы Жалал-Абад менен Ошто селден жабыркаган аймактарды кыдырып жүрөт

Канатбек Чыныбаев сел коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Алай райондорунда сел жүрүп, бир нече турак-үйлөр жана социалдык обьекттер жабыркаган. Жолдор жабылган. Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар аймактарында да сел суулары турак үйлөрдү каптаган болчу.

Кененирээк

9-май — Жеңиш күнүнө карата Баткен облусунда «Өчпөс полк» жүрүшү уюштурулат

Аймактын тургундары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана тыл эмгекчилеринин сүрөттөрүн көтөрүп, эскерүү жүрүшүнө катышууга чакырылууда. Иш-чара саат 09:00дө облустун бардык райондук жана шаардык борборлорунда башталат. Каалоочулардын баары катышса болот.

Кененирээк

Москвада 9-майда мобилдик интернет толугу менен өчүрүлөт

Орусиянын Санарип өнүктүрүү министрлиги 9-майда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда коопсуздугун камсыздоо максатында Москвада мобилдик интернет толук чектелерин расмий билдирди. “Майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Москвада мобилдик интернет, SMS кат алмашуу кызматтары убактылуу чектелет”, —деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө. Мекеме ошондой эле 7-8-май күндөрү Орусиянын борборунда коопсуздукка коркунуч жаралса, интернет “ыкчам тартипте” дагы чектелиши мүмкүн экенин…

Кененирээк