Башкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылды

Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев 2025-жылы прокурордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирди. Анын ичинен 1,243 млрд сом акчалай, ал эми 33,584 млрд сом мүлк түрүндө өндүрүлгөн. Анын айтымында, бир жыл ичинде 24 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталып, 12 083 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген, 570 кылмыш иши козголгон….

Кененирээк

Казакстандан алынып келе жаткан 22 тонна картошка артка кайтарылды

“Ак-тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 7-апрелинде Казакстан Республикасынан импорттолуп кирген 22 тонна картошка продукциясы фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Чүй-Бишкек башкармалыгынан кабарлашты. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157…

Кененирээк

Азия чемпионаты: Бүгүн балбан кыздарыбыз күрөшүп баштайт

8-апрель — Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын үчүнчү күнү. Килемге чыга турган балбан кыздарыбыз: ◾️Арууке Кадырбек кызы — 55 кг◾️Сезим Жуманазарова — 59 кг◾️Мээрим Жуманазарова — 68 кг◾️Айпери Медет кызы — 76 кг Беттештер саат 11:30да башталат.

Кененирээк

Бүгүн, 8-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын басымдуу бөлүгүндө, ошондой эле Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Мындан тышкары, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. 🔶 Чүй облусу:…

Кененирээк

АКШ менен Иран эки жумага ок атышпоого макулдашты

Анын айтымында, бул Пакистандын ортомчулугу менен жүзөгө ашкан. Тегеран Ормуз кысыгын ачып, кемелердин коопсуздугун камсыздоого макул болгон. “Ирандан 10 пунктудан турган сунуш алдык, аны макулдашуу үчүн негиз деп эсептейбиз”, — деди Трамп. Ал эми Ирандын коопсуздук кеңеши АКШны 10 пунктудан турган планды кабыл алууга мажбурлап, жеңишке жетишкенин жар салды. Ирандын маалыматына ылайык, АКШ Ормуз кысыгына…

Кененирээк

Азия чемпионатында үч кыргыз балбаны алтын медал алды

7-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн чемпион болушту. Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) финалда ирандык Ахмад Мохсен Нежадды, Акжол Махмудов (77 кг чейин) ирандык Али Забихолла Оскуну жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) ирандык балбан Голамреза Фарухини утту. Күрөштүн…

Кененирээк

Бала бакчаларга логопед жана психолог штаттары киргизилди

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, бул талаптар жаңы стандарттарга киргизилген. Ал керектүү адистердин тизмеги Илим министрлигине жөнөтүлүп, ЖОЖдорго керектүү адистерди окутуп берерин кошумчалады.

Кененирээк

ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, ЖРТга даярдануу үчүн иштелген акысыз «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды. Тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроосу бар, ал эми аткарылган тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти. Министрлик бул долбоор акы төлөнүүчү даярдоо курстарына мүмкүнчүлүгү жок аймактардагы окуучуларга тең мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлгөнүн билдирди. Кайсы аймактарда колдонуучулар көп экени жана…

Кененирээк

Кыргызстандан алгачкы абитуриент Стэнфордго кабыл алынды

Бакалавриат программасы боюнча толук грант уткан Амиртай Бексултанов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолугушту. Ал жаштардын мындай ийгиликтери өсүп келе жаткан муун үчүн шыктандыруучу мисал болуп берерин белгиледи. Бул окуу жай дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бири болуп эсептелет. Буга чейин анда бакалавр программасында билим алган кыргызстандыктар болгон эмес.

Кененирээк

Үрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үрөнчүлүк менен питомник чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген каржылоо механизми ишке кирди. Насыялар коммерциялык банктар аркылуу 3% менен 36 айга чейин берилет жана программа бекитилген тизмеге кирген чарбаларга арналган. Шартка ылайык, каражаттын 60%ы үрөнчүлүк чарбаларына, кеминде 40%ы питомник чарбаларына бөлүнөт. Бул акча үрөн, көчөт сатып алууга, продукция өстүрүүгө, жабдууларды жаңылоого…

Кененирээк