Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеи Россияда дарыланып жатат

Маалыматка караганда, Россиянын президенти Владимир Путин Моджтаба Хаменейиге алган жаракатынан улам аны Москвада дарыланууну сунуштаган. Al Jarida басылмасынын маалыматы боюнча, Моджтаба Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга жасаган алгачкы соккулары учурунда жаракат алган. Аскердик аракеттер башталгандан бери ал коомчулукка көрүнгөн эмес жана ооруканага жаткырылып, туруктуу медициналык көзөмөлгө муктаж болгон.

Кененирээк

Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулду

Манас шаарында Мамыр-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу токтотулду. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, «Легион Констракшн» ЖЧКсы иштерди тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзгөн, ал эми долбоор мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алган эмес. Ошондой эле объект курулуп жаткан объекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталган эмес, ал эми аянтта эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери бузулган….

Кененирээк

Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Айт намазы 08:30да башталат. Ага чейин, 07:30дан баштап баяндар айтылат. 07:30 – 08:00 — Куран окуу08:00 – 08:25 — Диний баяндар08:25 – 08:30 — Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө 08:30 — Айт намазын окуу Ошондой эле тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, айрым жерлерде убакыт…

Кененирээк

Бишкекте “куту” деп аташкан 3 кабаттуу имарат бузулат

Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде, Айчүрөк соода борборунун жанында жаңы салынып жаткан имаратты бузуу пландалууда. Буга чейин компания менен бул тилкеде курулуш бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүлөрү тууралуу макулдашуу болгон. Долбоор боюнча бул жерде толкун сымал объект курулушу керек эле. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында объекттин ээлери, шаар бийлиги жана «Ташболот Холдинг» компаниясы имаратты демонтаж кылуу боюнча биргелешкен…

Кененирээк

Президенттин фондунан Баткенге 10 кичи футбол аянтчасы курулат

Маалыматка ылайык, Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы курулат. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов футбол аянтчалары курулуучу жерлерди көрүп чыкты. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүтүп, пайдаланууга берилет деп пландалууда.

Кененирээк

Министр Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы курулуш объекттерин жеринен көрдү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчик ишкерлер менен өткөрүлгөн жыйындан соң курулуш объекттерин жеринен көрүп чыкты. Министр азыркы учурда салынып жаткан Гапар Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн байланыштыруучу эки деңгээлдүү көпүрөнүн, Кең-Сай массивинде салынып баштаган мектеп жана бала бакчанын,…

Кененирээк

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация дарагы отургузулду

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык Курманжан датка көчөсүндөгү буга чейин жашыл аймак жок болгон жолдун эки…

Кененирээк

Кыргызстан Ташкентте салык реформаларынын ийгилиги менен бөлүштү

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумуна катышты. Форумдун башкы темасы — көмүскө экономика менен күрөшүү жана салыктык башкаруунун заманбап ыкмаларына өтүү болду. Кыргызстан бул багыттагы өз тажрыйбасы менен бөлүштү: ашыкча көзөмөлдөн баш тартып, санариптик кызматтар аркылуу ишкерлер менен…

Кененирээк

Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары өзүн атып алгандыгы кабарланууда

Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматтары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Маалым болгондой, милицияга 13-мартта саат 23:00 чамасында банкет залынын жанында токтоп турган унаанын ичинде бир эркек киши өзүнө ок атканы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам…

Кененирээк

Курманкул Зулушев мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 13-апрельде арыз жазганы кабарланган. БШК Зулушевдин арызын канааттандырып, аны мандатынан ажыратты. Курманкул Зулушев 10-округдан 11 миң 598 добуш алып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген.

Кененирээк