Айдоочулук күбөлүктүн В категориясы 10 ай окугандан кийин берилет
Президенттин иш башкармалыгынан автоунаа айдоону окуп-үйрөнүүнүн жаңы тартиби боюнча түшүндүрмө беришти. Алар негизинен төмөнкүдөй: «В» жана «С» категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программа бекитилди. «В» категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 10 айды (жалпы 480 саат) түзөт. Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, жол кырсыкта биринчи медициналык жардам берүү, айдоочунун этикасы, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздерин окутуу, практика…

