МИК беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берди. 30-жаштагы келин тууралуу материал соцтармакта жылуу пикирлерге алынып жаткан. Келин күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жатканын журналисттерге билдирген.

Кененирээк

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

2-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Алсак, аталган мыйзам…

Кененирээк

Кыргызстан жылына 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү пландоодо

Бишкек шаарында өткөн «Электромобилдүүлүк боюнча улуттук стратегияга карай» аттуу семинарда Кыргызстанга жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмсүз алып кирүү планы талкууланды. Бул тууралуу Климаттык каржылоо борбору билдирди. Өлкөдө 230дон ашык заряддоо станциясы бар. Анын 60ка жакыны Бишкекте жайгашкан 2022-жылы — 5 миңдей электромобил, 2023–2025-жылдары — жылына 10 миңге чейин бажы төлөмсүз квота, ал…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт

Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн жасалма интеллект технологиясы киргизилди. «Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» аттуу ЖИ-теле алып баруучулар түзүлүп, алар депутаттардын иши, күндүн жыйынтыгы жана жума ичиндеги окуялар тууралуу санариптик форматта маалымат беришет. Маалыматта ЖИни колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды….

Кененирээк

Иран Ормуз кысыгын жапканын кабарлады

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачысынын кеңешчиси, генерал Эбрагим Жаббари чечим бардык кемелерге тиешелүү экенин айтты. Ормуз кысыгы — дүйнөдөгү мунай жана газдын 18-20% өткөн жол. Буга чейинки эсептөөлөргө ылайык, Иран кысыкты бир айга жапса, Евробиримдикте газдын баасы 130%га чейин өсүшү мүмкүн. Анын жабылышы мунай жана газдан өндүрүлгөн башка товарлардын, анын ичинде авиаотундун да баасына…

Кененирээк

Бишкекте жеке үйлөрдүн короолорунда унаа токтотууга уруксат берүү сунушталды

Бишкек шаарында жеке турак жайлардын аймагында унаа токтотуучу жайларды уюштурууга багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизүү сунушталууда. Тиешелүү Президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылып, коомталкуу порталына жарыяланды. Пилоттук режимдин мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартынан 2027-жылдын 1-февралына чейин белгиленди. Шаардагы жеке үйлөрдүн ээлерине жеке турак жай курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкелериндеунаа токтотуучу жайларды уюштурууга укук берүү сунушталууда. Түшүндүрмө катта…

Кененирээк

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери жанданды

Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 200 чакырым аралыгын тосуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырымды түзөт.Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган.

Кененирээк

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну көздөөдө

Энергетика министри долбоор менен байланыштуу инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Мурда «Русгидро» менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган. Ошондо долбоордун баасы $727 млн деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган. Өткөн жылы Россиянын компаниясы кайрадан ЖНКга кызыгуусун көрсөттү.

Кененирээк

Марлен Маматалиев орун басарлары жана Аппараттын жетекчиси менен бирге алдыдагы иш пландарды талкуулады

Бүгүн, ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев жаңы шайланган орун басарлары жана Аппараттын жетекчиси менен жыйын өткөрүп, парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдайларды талкуулады. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү жаатында бир катар тапшырмаларды берип, алдыда карала турган маселелер тууралуу маалымат алды. Ошону менен катар негизги иш пландар боюнча да пикир алмашты. Ошондой эле кеңешмеде уюштуруу жана документ жүгүртүү иштерине…

Кененирээк

Чукул кабар: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Туруксуз аба ырайына байланыштуу 2–5-мартта тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн — унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери: Бишкек–Ош: 121–138-чакырым (Төө-Ашуу ашуусу) Бишкек–Ош: 198–265-чакырым (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алакуу: 55–115-чакырым Ала-Бука–Каныш-Кыя: 45–112-чакырым (Чапчыма ашуусу) Красная-Горка–Акташ:…

Кененирээк