№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 31 талапкер катталды

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу БШК билдирди. Шайлоо күнү — 1-мартка белгиленди. Бардыгы болуп 31 талапкер көрсөтүлгөн. Эркектер — 21,аялдар — 10. Азырынча 11 талапкер катталды. 4 талапкер шайлоодон баш тартты. 1 талапкерге каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынды Эске салсак, Жогорку Кеңешке…

Кененирээк

Нарында 4 баллдык жер титирөө болду

Бүгүн, 30-январда, саат 8:54төр чамасында Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 24 км аралыкта жайгашкан. Силкинүү төмөнкү аймактарда сезилди: Жан-Булак жана Достук айылдарында — болжол менен 3,5 балл Таш-Булак, Куланак, Миң-Булак айылдарында — 3 балл Нарын шаарында —…

Кененирээк

Экономист АКШ долларын оор кризис күтүп турганын билдирди

Белгилүү экономист Питер Шифф АКШ долларын 2008-жылдагы кризистен да оор сыноо күтүп турганын айтты. Анын айтымында, буга алтын менен күмүштүн баасынын кескин өсүшү далил болууда. Алтын $5 180 деңгээлине чыгып, бир күндө +$170 өстү — бул тарыхый рекорд.Шифф муну доллар жана мамлекеттик карыз кризисинин жакындап калган белгиси деп эсептейт. Негизги себептер Экономисттин пикиринде, алтын —…

Кененирээк

Кыргыз балын Евробиримдиктин рыногуна киргизүүгө уруксат берилди

Еврокомиссия Кыргыз балын экспорттоо планын колдоп, Евробиримдиктин аймагына киргизүүгө уруксат берген Еврокомиссиянын техникалык регламентинин атайын тизмесине кошту. Бул жагдай Кыргызстандын улуттук көзөмөлдөө жана сертификациялоо системасы Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келгенин ырастайт. Еврокомиссиянын бул чечими кыргыз балын өндүрүүчүлөрүнө сатуу рыногун кеңейтүүгө жана ата-мекендик продукциянын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Буга чейин кыргыз балын Европанын…

Кененирээк

Таксилерге лицензия берүү мөөнөтү узартылды

ИИМ жарандардын кайрылууларын эске алып, таксилердин ишин лицензиялоо мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартты. Бүгүнкү күндө 8 миңдей жаранга жана 300дөн ашуун юридикалык жактарга лицензия берилди. Учурда такси кызматына лицензия берүү бардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрөрүндө жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачылат

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиевдин катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анда баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды. Министр акыркы мезгилде синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата баштаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги…

Кененирээк

Социалдык фонд пенсияны тейлөөнү санариптештирүүдө

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алып, жаңы автоматташтырылган маалыматтык система менен таанышты. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жаңы система пенсияны жол-жоболоштурууну жеңилдетет: кагаз документ чогултуунун кереги жок, маалыматтар автоматтык түрдө топтолот жана арыздарды кароо мөөнөтү кыскарат. Мындан тышкары, персоналдык маалыматтарды коргойт жана киберкоркунучтарга туруктуу экени айтылды. Санариптештирүү коррупциялык тобокелдиктерди…

Кененирээк

«Кыргызы РУДН» КВНдин Жогорку лигасына жолдомо алды

Бул тууралуу Сочи шаарындагы 37-Эл аралык фестивалдын жыйынтыгы менен расмий каналдан маалымдалды. Жалпысынан 20 команда тандалды. Буга чейин жамаат Москва жана Москва облусунун Борбордук лигасынын чемпиону болуп, «Шаарлар лигасынын» финалына чыккан. Өткөн сезондо команда Жогорку лиганын жарым финалына чейин жеткен. Команданын капитаны — Куштарбек Кыялбек уулу. Ошондой эле кыргызстандык Камилла Нуралиева КВНдеги жеке жетишкендиктери үчүн…

Кененирээк

Кыргызстан менен Казакстан элчиликтери жайгашкан жер тилкелерин бекер пайдаланмай болду

Парламент өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялады. Ага ылайык, Бишкек жана Астанадагы дипөкүлчүлүк жайгашкан имарат жер тилкеси менен, дипломаттар жашаган резиденция да жер тилкеси менен өлкөлөргө акысыз пайдаланууга берилди. Тышкы иштер министринин орун басары чет мамлекеттерде 33 элчилик, 10 башкы консулдук, 2 эл аралык уюмда туруктуу өкүлчүлүк бар экенин билдирди. Алардын ичинен 14 дипөкүлчүлүк менчик имаратта отурат….

Кененирээк

12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каражат төмөнкү багыттарга жумшалат: 2026-жылга республикалык бюджетте дагы 1 млрд 66 млн сом каралган. Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык окуу программасына 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын окуучулары өткөн.

Кененирээк