Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлык акысы 2026-жылдын апрелинен тарта 50 пайызга жогорулайт.
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айтымында, дарыгерлердин жана бардык медицина кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт.
Министр кошумчалагандай, бул бюджетке олуттуу жүк болуп жатканы менен, мамлекеттик кирешелердин көбөйүшү мындай чечимди кабыл алууга мүмкүндүк берди.
“Учурда медицина кызматкерлеринин орточо айлыгы 23 миң сомдун тегерегинде. Көбөйгөндөн кийин 35-36 миң сомго чейин жетет. Ал эми аймактарда иштеген чоң тажрыйбасы бар дарыгерлердин маянасы 100 миң сомго чейин көтөрүлөт”,-деди Эркин Чечейбаев.

