Долбоор «Евразия» уюмуна таандык. Жаңы ачылган борбордо орус тилин үйрөнүүгө, баарлашууга, окууга, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Ачылыш аземге Мамдуманын депутаты, «Евразия» уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова, Кыргызстандагы РФтин элчиси Сергей Вакунов, Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин орун басары Альберт Махметкулов катышты.
Андан сырткары иш-чарага РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова, РФ президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титов келген.
«Бир жылдан ашуун убакыттан бери «Евразия» уюму Кыргызстан менен бирге майнаптуу, системалуу иш алып барууда. Евразиялык орус тили жана маданият борборунун ачылышы — ошол кадамдардын уланышы. Орус тили биздин өлкөлөрдү бириктирген жалпы негиз бойдон калып, жаңы билим берүү жана маданий демилгелерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берип келет», — деди Аршинова.
Борбордо тил курстары, театр жана чыгармачылык студиялар, медиа мектеп, дискуссиялык клубдар жана мугалимдер үчүн программалар иштемекчи.
Бишкекте Орус тили жана маданият борбору түптөлдү
