25-ноябрдан 27-ноябрга чейин Бишкекте жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ички иштер министрлиги ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына байланыштуу жолдордун айрым бөлүктөрүндө убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилерин билдирет.
Чектөөлөр төмөнкү бөлүктөргө тиешелүү болот:
— Манас эл аралык аэропортунун магистралынан Бишкек шаарынын чек арасына чейин;
— Фучик көчөсү шаардын чек арасынан Чүй проспектисине чейин;
— Чуй проспектиси Фучик көчөсүнүн чыгышынан Манас проспектисине чейин;
— Манас проспектиси жана Ч. Айтматов көчөсү түштүктү көздөй Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейин;
— Ж. Абдрахманов, С. Ибраимов жана М. Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө болот.

