Мэриянын маалыматына караганда, окуучулар ЖККУ саммитине жана шайлоодон кийинки санитардык тазалоого байланыштуу 2-декабрга чейин аралыктан билим алышат.
Ал эми жогорку окуу жайлары 25–26-27-ноябрь күндөрү онлайн окууга өткөрүлөт.
Мындан сырткары, Бишкекте эки базар да жабылат.
Мэрия 25-26-27-ноябрь күндөрү “Ош” жана “Сары-Өзөн” базарлары санитардык тазалоо үчүн убактылуу жабык болорун билдирди

